Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

Окуялар тизмеги 20 Сен 2020 15:30
1 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан талапкер Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул маалыматты «Азаттыкка» ал өзү ырастады.

Анын сөзү боюнча, 17-сентябрда өзүн «Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүмүн» деп тааныштырган Бектур Калиев деген адам телефон чалып күбө катары суракка келүүнү өтүнгөн. Бирок расмий чакыруу келген эмес.

«Эмне иш боюнча чакырып жатканын тактаган жокмун. «Мен үгүт иштери менен аймактарда жүрөм, суракка бара албайм» десем, «Бишкекке келериңиз менен чалып коюңуз» деди. Бишкекке келгенден кийин юристтер менен сүйлөшсөм мен талапкер болгондуктан 4-октябрга чейин тергөө иштерине барбай коюуга мыйзам жол берет экен».

Элвира Сурабалдиева буга чейин кайсы бир иш боюнча суракка чакырылбаганын кошумчалады. Бектур Калиев «Азаттыкка» Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү экенин айтып, бирок комментарий бере албасын билдирди жана иш боюнча басма сөз кызматына кайрылууну сунуштады. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул окуяга байланыштуу маалыматты дүйшөмбү күнү тактап бермей болду.

Шайлоого талапкер болуп катталган адам кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, шайлоонун жыйынтыгы чыкканча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) макулдугусуз сот жообуна тартылышы, кармалышы, камакка алынышы мүмкүн эмес. Мындай талап «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамда жазылган.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан төртүнчү тизмеде баратат.

«Азаттыктан» алынды

Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Gena

    This is really interesting, You are a very skilled blogger.

    I’ve joined your rss feed and look forward to seeking more of your magnificent
    post. Also, I have shared your website in my social networks!

    Feel free to visit my web site: chanel bags replica wholesale

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.