ВИДЕО: Бычак менен коркуткан 51 жаштагы жаранга ок чыгарылды

Окуялар тизмеги 20 Сен 2020 15:05
0 ой-пикир

Интернетте милиция кызматкерлери колунда бычагы бар кишиге эки жолу ок чыгарганы тартылган видео тарады. Анда бир адам күч кызматкерлерине бычак менен тап берип жатканын көрүүгө болот. Ошол маалда милициянын бири аны бутка аткан. Ок тийген-тийбегени белгисиз.

Көчөдөн өтүп бараткан адамдар колунда бычагы бар кишини артынан кармап, күч кызматкерлерине жардам беришкен.

Окуя 18-сентябрда Бишкектин жака белиндеги Төмөнкү Ала-Арча айылында болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлаган.

Милиция кызматкерлерине кол салган киши Бишкектин 51-жаштагы тургуну экени аныкталды. Чүй милициясы ал күч органдарынын бир кызматкеринин денесине бычак менен жаракат келтиргенин билдирди. Кармалган адам ооруканага жаткырылып, бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сүрөт, видео Фейсбуктан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.