ВИДЕО: Темир Сариев 3 күндө Ысык-Көлдү велосипед менен айланып, жаштарды спортко чакырды

Окуялар тизмеги 19 Сен 2020 23:40
1 ой-пикир

Мурунку өкмөт башчы Темир Сариев велосипед менен Ысык-Көлдү айланып чыкты.

Тагыраагы, Темир Сариев 448 км аралыкты күндүн ызгар суугуна, муздак жамгырга ж.б тоскоолдуктарга карабастан, чыдамкайлыгы менен 3 күндө тегерете айланып өттү.

Темир Сариевдин бул кадамы спортко үндөө, кереметтүү Ысык-Көлүбүздү жарнамалоо жана эң негизгиси жаштарды тоскоолдуктарга карабай алдыга умтулууга үндөө катары бааланууда.

Темир Сариев «Ак шумкар» — саясий партиясынын негиздөөчүсү жана төрагасы. Ишкерлик менен алектенип жүрүп, 2000-жылы, андан кийин 2005-жылы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу система менен утуп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

2009-жылы жана 2017-жылы Кыргызстандын президенттигине ат салышкан.

Сүрөт интернеттен алынды

ВИДЕО: Темир Сариев 3 күндө Ысык-Көлдү велосипед менен айланып, жаштарды спортко чакырды” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Аноним

    Өкмөт болуп турганда ,ушундай вело жүрүш кылганына көлдүн жолун жасалганын .Өкмөттүн козу м.н.корот элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.