Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого «талапкер» деген макамын жокко чыгарууну сунуш кылган.
18-сентябрда бул сунуш БШКнын жыйынында каралып, колдоо тапкан жок. БШК «Кыргызстан» партиясына шайлоо эрежесин сактоону эскертти.
Сүрөт интернеттен алынды