Паспорт мөөнөтү 2020-жылы аяктаган кыргызстандык жарандар шайлоого катыша алат

Окуялар тизмеги 18 Сен 2020 11:26
0 ой-пикир

Чет өлкөлөрдө жүргөн, паспортунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин аяктаган кыргызстандык жарандарга шайлоодо добуш берүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал үчүн жарандын паспортунун жарактуу мөөнөтүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартуу талап кылынат. Паспорттун жарактуу мөөнөтүн жаран өзү жашаган өлкөдөгү элчилик, консулдуктарга кайрылып узартса болот. Паспортко басылган атайын мөөр жарандын паспортуна жарактуу деген макам берет. Мындай макамдагы паспортко ээ жарандар 4-октябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болушат.

Кыргызстандагы быйылкы парламенттик шайлоого байланыштуу чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу ачылган. Чет жакта ачылган шайлоо тилкелеринин көпчүлүгү — Орусияда. Быйыл Италиядагы жана Франциядагы кыргызстандыктар алгачкы жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Буга чейин БШК кыргызстандык шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн Рим жана Париж шаарларында добуш берүү участокторун ачуу макулдашылганын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.