ИИМдин ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн жарандарды кармашты

Окуялар тизмеги 18 Сен 2020 09:51
0 ой-пикир

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн жарандарды кармоо боюнча атайын операцияларды ийгиликтүү жүргүзүштү, — деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан акыркы бир нече күндүн ичинде шектүүлөрдүн мыйзамсыз жүгүртүшкөн 30 килограммдан ашык баңгизаттары табылып алынды. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды саткан жолду аныктоо, бөгөт коюу боюнча атайын операциясын жүргүзүштү. Анда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында түнкү маалда атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жүрүп, афган түспөлүндөгү “гашиш” баңгизатын өзгөчө ири өлчөмдө сатууну көздөгөн 1985-жылы туулган жаран И.А. кармалган. Шектүүдөн кара куурай жыттанган өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү таңгактар салынган сумкасы алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 10 килограмм 195 граммды түзөт. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алынган баңгизаттардын “көмүскө базардагы” баасы болжол менен 40 миң АКШ доллары турат. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизаттардын ири партиясын сатууга бөгөт коюшту. ИИМдин БМЖКККнын башкармалыктарынын биринин кызматкерлерине азият түспөлүндөгү болжол менен 35-40 жаштардагы адам өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдө деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Алынган маалымат КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттарды өзгөчө ири өлчөмдө сатууну көздөгөн 1983-жылы туулган жаран А.Д. кармалган. Автоунаасына тинтүү жүргүзүү учурунда уксус ангидридиндей өзгөчө жыты бар баштык табылып алынган. Соттук-химиялык эскпертизанын жыйынтыгы менен жогорудагы баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 34 граммды түзгөн “героин” баңгизаты бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ушуга катар эле, Жалал-Абад облусунун аймагында марихуананы ири өлчөмдө сатууну көздөгөндөрдү кармоо боюнча дагы бир атайын операция жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга аракет кылган 1997-жылы туулган жаран Т.Б. менен мурда соттолгон 1977-жылы туулган жаран А.К. кармалган. Автоунаасына тинтүү жүргүзүү учурунда 20 килограмм 816 грамм өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү каражат-марихуана салынган кап табылып алынган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш итшине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.