Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды

Окуялар тизмеги 18 Сен 2020 08:31
0 ой-пикир

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды. Биринчи Май райондук соту мындай чечимди 17-сентябрда чыгарды.

Сот чечимине ылайык, Чолпонбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Анын жакындары да бул маалыматты бышыкташты.

Чолпонбаев «кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен 15-сентябрда кармалган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата «шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Териштирүүнүн алкагында экс-министр 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.