Талант Төлөбеков: “COVID-19 вирусунан кийин кинотеатрлардын жабылганы – продюсерлерибиз жана инвесторлорубуз үчүн начар белги болду”

Аналитика, Интервью, Окуялар тизмеги 17 Сен 2020 11:48
0 ой-пикир

COVID-19 пандемиясынан кийин Кыргызстан акырындан кадимки жашоого кайтып келе баштады. Соода борборлору, базарлар, мектептер жана башка коомдук жайлар ачылып, акырындан ишин жүргүзө баштады. Маданият мекемелери азырынча ачылуу үчүн өз кезегин күтүүдө. Кинопродюсер, Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун уюштуруучу катчысы Талант Төлөбеков Elgezit.kg сайтына берген маегинде ата мекендик кино тармагы кандай абалда экени тууралуу айтып берди.

– Иштериңиз кандай? Эмне жаңылык?

– Биринчи кезекте, сиз менен амандыкта көрүшүп жатканыма кубанычтамын. Жай айларында өлкөдө болуп өткөн абал бир гана мени эмес, башкаларды дагы ойго салып, убакытка, жашоодогу максаттарга болгон көз карашты өзгөртүп, жакындар, кесиптештер жана курбу-курдаштар менен болгон мамилени баалоого үйрөттү. Бул убакытта Кыргызстан көптөгөн мыкты инсандардан, анын ичинде маданият менен искусствонун улуу өкүлдөрүнөн ажырады, албетте, ичиң ачышат, анткени бүтүндөй доор урап жатат…

– Кинематографиянын абалы бүгүнкү күндө төмөнкү тепкичте экенин уккам…

– Чынын айтканда, кинематография тарабынан келген статистикалардын жана отчёттордун жөн эле кооздолгонун Ак үйдө дагы түшүнүп турушат. Кино үйүндөгү болгон чогулуштардын биринде кинематографиядан барган чоңдорубуз аймактардагы мамлекеттик кинопрокат жөнүндө оозун кере сүйлөп баштаганда, Жогорку Кеңештен келген эксперт мамлекет тарабынан башкарылган кинотеатрларда койлор жайылып жүргөндүгүн кесе айтып, бул кырдаалды жөн эле кооздоп көркөмдөбөөсүн суранып өткөн. Коронавирус кырдаалы ансыз да начар абалда турган ата мекендик кинематографияны оор абалга алып келди, бирок кино тармагы биздин маданияттын туу чокусу болуп эсептелинет. Андан көрө өндүрүштөгү, кинопрокат тармагындагы жана эл аралык кинофестивалга, кинопремияларга алып чыгуудагы маселелер тууралуу сүйлөшөлү. Мисалы, баарыбыз эле мамлекеттик кинопрокаттын абалы кандай экенин түшүнүп турабыз. Бул тууралуу сөз кылгым келбейт, андан көрө бул тармакта реформалар керек экенин айтып өтөйүн, ал эми жаңы кинотеатрлардын курулушуна миллиондогон каражатты сарптаган бизнестер бүгүнкү күндө оор абалда. Эсиңизде болсо, аларды март айында жапкан. Албетте, сентябрь айынын аягында ачылат деген үмүттөбүз. Көрүүчүлөр үчүн кинотеатр – бул тасманы чоң экранда көрүүгө шарт түзүлгөн чоң аянт. Ал эми кинематографисттер үчүн өз эмгегин көрсөтө турган жай. Коңшу өлкөлөрдө улуттук кинопрокатка колдоо көрсөтүлүүчү программалар иштелип чыгып, түрдүү акциялар, маалыматтык компаниялар өткөрүлүп турат. Ал эми бизде бул тууралуу кеп да болбойт.

Мен ар дайым режиссёрлор жана продюсерлер менен баарлашып келем, алардын айтымында, кинотеатрлар менен болгон кырдаалды оңдобосо, ыйлай турган абалга туш болобуз. Анткени жыл сайын кино жанрын өндүрүү статистикасы кыскарууда, барган сайын тасма тартуу үчүн каражат табуу оорлоп бара жатат. Бул тасмалар бир гана кинотеатрларда өзүн-өзү актай алат.

Жабык кинотеатрлар – биздин продюсерлер жана аз сандагы инвесторлор үчүн терс көрүнүш. Бул жерде кинотеатрлардын ачылышын гана күтүп турган чет өлкөнүн тасмалары утушка ээ болот. Алар биздин көрүүчүлөрдүн акчаларын жыйнайт дагы, кайрадан өзүнүн каармандарынын атагын чыгарууну уланта берет.

Россиядагыдай жана Франциядагыдай системаны киргизүү керек. Орусияда чет өлкөнүн тасмаларын чыгаруу үчүн атайын уруксат алып, бир тасмага беш миллион рубль төлөшөт. Ал эми Францияда улуттук кинону колдоо фондуна ар бир сатылган билеттин 13%ын алышат, демек, француздар улуттук кинону чет элдин жана Голливуддун тасмаларынын эсебинен колдоп турушат.

– Чоңдор ар дайым айтып келген реформалар тууралуу сөз кылсак.

– Өзүбүздүн кемчиликтерибизди жана каталарыбызды моюнга алууну үйрөнүшүбүз керек. Эсиңизде болсо, туура бир жыл мурун Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри “Т.Океев атындагы Кыргызфильм” Улуттук киностудиясына барып, өзгөртүүлөрдү киргизиш керек деген. Бул “АКИпресске” дагы “Маданият министрлиги “Кыргызфильм” киностудиясын реформалоого киришет” деп жарыяланган. Эч кандай реформалар жүргүзүлбөгөнүн убакыт көрсөтүп турат. Менин пикиримде, бул кырдаал министр мындай чоңдор менен алыска бара албастыгын көрсөттү десем жаңылбайм, жаш министрге болгон ишенимди дагы жоготту. Дагы бир учур жанды кейитет, шайлоо бүткөн соң Өкмөттөгү министрлердин баары өзгөрүп калат.

– Тасмаларды тартуу жана аларды каржылоо маселеси кандай?

– Мамлекет тарабынан өткөн жылы бир нече кинотасмалар тартууга киришкен. Жеке студиялар быйыл кино тартуу үчүн тобокелдикке барышкан жок, бир-эки гана тасма тартылып, кийинки көрсөтүүгө жылдырылганы маалым.

Жакында эле тааныштарыма конокко барсам, арасында жолдорду оңдоо менен алектенген бизнесмен бар экен. Ал менден кыргыз киносунун бюджетин, мамлекет канча каражат бөлүп берерин сурап калды. Киноредакцияга, киностудияга жана тасма тартууга биригип 40-50 миллион сом бөлүнөрүн айтып өттүм. Ал күлүп, бул акча 400-500 метр жолду оңдоо үчүн кетерин айткан эле. Сүйлөшүүбүздүн акырында ушул акча да жок экенин белгилеп өттүм.

– Ушунчалык ыйлай турган абалбы?

– Бул жылы жакшы жаңылыктар дагы жок эмес. Шанхайда дүйнөлүк премьерада дароо кыргыздын эки тасмасы: Артыкбай Сүйүндүковдун “Шамбала” жана Эмиль Атагелдиевдин “Көл” тасмалары көрсөтүлдү. «Shanghai International Film Festival» эл аралык кинофестивалы – Кытайдын эң ири кинофестивалдарырынын бири, “А” категориясындагы дүйнөлүк 15 фестивалдын катарына кирет. Мындай ийгиликтен кийин тасмаларды башка да эл аралык аренага алып чыгыш керек. “А” классындагы кинофестивалга катышуу – бул чоң ийгилик. Тез арада дүйнө боюнча алдыга жылдыруу керек.

Бирок биздин кайрылуубуз 10 айдан бери каралбай жана каржыланбай келет. Биз алтындай болгон убактыбызды бекер коротуп жатабыз. Жакында Ак үйгө да кайрылганбыз, бирок ал жакта да тынч.

– Жакшы жакка өзгөрүүлөр болот деген үмүттөр барбы?

– Эффективдүү башкаруу системасы болбосо, кыргыз киносунун өсүү мүмкүнчүлүгү жок. Заманбап менеджментте бул ийгиликтин ачкычы. Баштан өткөн кризис муну тастыктады. Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого берген кезектеги маегинде Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт деди. Бул мамлекеттик аппарат өзгөрүп жатат, биздин коом өзгөрүп жатат дегенди билдирет. Менин оюмча, биздин кинотематографка да өзгөрүүлөрдүн жана реформалардын жолуна түшө турган кез келди.

Маектешкен Каныкей МАНАСОВА

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.