Швейцария кыргыз жарандарына виза менен эркин кирип-чыгууга уруксат берди

Окуялар тизмеги 17 Сен 2020 16:31
0 ой-пикир

Кыргызстандын жарандарына 7-сентябрдан тартып Швейцарияга виза менен эркин кирип-чыгууга уруксат берилди.

Коронавирус пандемиясынан улам чектөө киргизилип, кийинчерээк жумшартылган эрежелерге ылайык, Швейцарияга барган кыргызстандыктар 10 күндүк карантинге алынышы керек эле.

Швейцария өкмөтү 4-сентябрда кабыл алган чечимге ылайык, андай шарт-талаптар алынып ташталды.

Буга чейин кыргыз жарандарына Өзбекстанга кирип-чыгууда чектөөлөр алынган.

Кыргызстан август айында коронавирустун жайылышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 32 мамлекеттин жарандарына өлкөгө эркин кирип-чыгууга уруксат берген: Орусия, Грузия, Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Белгия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Ирландия, Исландия, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Швейцария, Швеция, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Пакистан, Словения, Кувейт жана Жапония.

Буга чейин кыргыз жарандарына Өзбекстанга кирип-чыгууда чектөөлөр алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.