COVID-19 соңку кырдаал: 81 адамдан коронавирус табылды

Окуялар тизмеги 17 Сен 2020 12:18
0 ой-пикир

Республикада 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы жети күн ичиндеги жогорку көрсөткүч болуп калды. 10 -сентябрдан бүгүнкүгө чейин эң төмөнкү көрсөткүч 47, жогорку көрсөткүч 77 болгон.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.