БШК «Кыргызстан» партиясынын балага сүйүнчү жарнамасын алып салды, партияга эскертме берилди

Окуялар тизмеги 15 Сен 2020 13:54
0 ой-пикир

Боршайком 14-сентябрда партиянын жарнагына даттанган жарандын арызын карады.

Үгүт эрежесине ылайык, плакатта балдардын жана өспүрүмдөрдүн сүрөтүн колдонууга тыюу салынгандыктан, Балага сүйүнчү жарнамасы мыйзамсыз деп табылып, ал көрнөк-жарнактарды алып салуу милдеттендирилди.

Социалдык тармакта “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланган эле, бирок көп убакыт өтпөй сүрөттөр өчүрүлдү.

Cүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.