Кытай Кыргызстандын өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүн чыңдоого 95 млн юань бөлөт

Окуялар тизмеги 13 Сен 2020 20:32
0 ой-пикир

Кытай Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүн чыңдоого 95 млн юань бөлөт.

Кытай Кыргызстанга өрт өчүрүү-куткаруу жабдыктарын алууга грант берет. Эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн чыңдоо тууралуу» макулдашууга 2018-жылы кол коюлган.

Маалымат жыйыны учурунда КР тышкы иштер министри Айдарбеков ал макулдашуу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында 100 өрт өчүрүү-куткаруу унаасы жана 15 өрт өчүрүү-куткаруу жабдыгы келери пландалган.

«Макулдашуунун жалпы суммасы 95 млн юань», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.