Жыйынга депутаттар чогулбаса деле айлык маяна алат

Окуялар тизмеги 12 Сен 2020 14:04
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулбаса дагы сентябрь айы үчүн айлык акы алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө жана Регламенти жөнүндө мыйзамдарга ылайык, ЖК депутаттары жаңы чакырылыштагы депутаттар ант берип, кызматына киришкенге чейин эмгек акысын үзгүлтүксүз алышат.

«Депутаттар жыйынга чогулбай эле маяна ала береби деген сөздөр да айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо өнөктүгү учурунда парламенттин трибунасын өз партиясынын кызыкчылыгы үчүн колдонуудан карманып, бир ай бою региондордо эл менен жолугуу чечимин кабыл алган. Башкача айтканда, алар эл өкүлчүлүк милдетин толук аткарып жатышат. Эгер өнөктүк учурунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү муктаждыгы пайда болсо, ЖК депутаттары 24 сааттын ичинде чогулууга даяр», — деп жазат Нуракун уулу.

Ал Жогорку Кеңештин баардык чыгымдары толугу менен мыйзамдарда белгиленген нормалар менен гана жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.