УКМКнын пара талап кылган кызматкери кызматынан алынды

Окуялар тизмеги 11 Сен 2020 10:48
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк коопсуздук кызматы (ӨКК) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Н.у.С.га карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2020-жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын алдындагы Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) кызматкерлери УКМКнын ӨКК менен биргеликте, КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча «Пара талап кылуу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери Н.у.С. кармалган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, УКМКнын кызматкери Н.у.С. УКМКнын беделин түшүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү КРнын алдындагы ЭККМКнын тергөө органдары жүргүзүүдө.

Бул кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, УКМК жана ЭККМК жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.