Коронавирустан каза болгондор болгон жок

Окуялар тизмеги 10 Сен 2020 12:36
0 ой-пикир

Акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен каза болгондор республикада катталган жок. Бул тууралуу 10-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдетке чалдыккан 71 бейтап жаңы катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, алардын эң көбү Баткен облусунда – 19 адам:

«Бишкек шаарында 15, Ош шаарында бир, Чүй облусунда төрт, Ош облусунда беш, Талас облусунда төрт, Ысык-Көл облусунда сегиз, Жалал-Абад облусунда 15 адам катталды».

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 684 адамга жукту, алардын ичинен 40 487 бейтап айыкты, 1063 бейтап каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 532 бейтап ооруканада жатат, 2260 адам үйүндө дарыланууда.

Оору жугузгандардын 3 160ы — медицина кызматкерлери. Алардын арасынан 2635 медкызматкер айыкты.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.