Казакстан менен Кыргызстандын чек арасы толугу менен ачылды

Окуялар тизмеги 10 Сен 2020 12:11
0 ой-пикир

Кечээ, 9-сентябрда, Москва шаарында Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди менен Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.

Анда Айдарбеков коронавируска каршы биргелешкен аракеттер ийгиликтүү болгонун белгилеп, кыргызстандыктарды мекенге кайтарууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү тууралуу кеп кылып, Казак тарап бул жаатта оң чечим кабыл алынганын кабарлаган. Ошондой эле Казак тарап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү бекеттери толук иштей баштаганын кабарлаган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.