Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштерине катышууга укугу жок. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.
Анын айтымында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоого карата үгүт иштерине катышуусуна тыюу салынат.
«Шайлоо процессинде мыйзамдын сакталышын укук коргоо органдары көзөмөлдөйт. Күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлөт. Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул боюнча шайлоону уюштуруу боюнча штабдын отурумунда бир нече жолу күч органдарына, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырмалар берилген. Алар бул боюнча иштерди алып барууда», — дейт ал.
Сүрөт интернеттен алынды