COVID-19 вирусунан Кыргызстанда кош бойлуу 16 аял каза болду

Окуялар тизмеги 09 Сен 2020 16:18
0 ой-пикир

Статистикалык маалыматты 9-сентябрда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда, алардын абалы оор болгондуктан дарылоого карабастан каза болуп калышкан.

COVID-19 вирусу жуккан кош бойлуу аялдардын арасынан жеңил абалдагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар Бишкектеги №2 төрөт үйүндө дарыланып жатышкан.

Вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу жуктуруп алгандар учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Ушул күнгө чейин 536 боюнда бар аял сакайып чыккан.

Республикалык штаб кош бойлуу аялдарды диагностикалоо жана дарылоо көрсөтмөлөрү өзгөртүлгөнүн кабарлады.

Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 613 адамга жукту, алардын 40 336сы айыкты, 1063 бейтап каза болду.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.