Садыр Жапаров: «Канча жолу митинг-пикеттерге чыксаңар да, менин камактан чыгышыма себепчи боло алган жоксуңар»

Окуялар тизмеги 08 Сен 2020 12:14
0 ой-пикир

Темир тор артында жаткан саясатчы Садыр Жапаров акыркы жолу элге кайрылуу жасады.

Саясатчы 10 жылдан бери ар кыл темада элге, бийлик өкүлдөрүнө көптөгөн кайрылууларды жасап келгени менен жарытылуу майнап чыкпаганын айтат. Анын пикиринде, элдин жүрөгүнө кайдыгерлик орноп калган.

“Ар кимдин өз башына келмейин ойгонбойт» дегендей, бүгүнкү коронавирус ар бир жарандын башына келгенде көп нерсени түшүнүп, эл эми ойгонду го деген үмүт менен акыркы кайрылуумду жасап жатам”, -деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров ушул күнгө чейин башкаруу системасын өзгөртүү, экономиканы көтөрүү, жаратылыш байлыктарын сактап калуу маселелерин көтөрүп жүрүп, орду толгус жоготууларга учураганын да эске салды.

“Ата-энемден, баламдан айрылдым. Өзүм камакта жатам. Ошентсе да эл бар, журт бар деп, сатылбай, соодалашып кетпей, илгери үмүт менен жашап келем. Буга чейин «кантебиз эми, жардам бериш элдин колунан келбей жатпайбы» деген сөздөр айтылып келди. Ооба, чындыгында канча жолу митинг-пикеттерге чыксаңар да, менин камактан чыгышыма себепчи боло алган жоксуңар. Мына, азыр эми колуңарга беш жылда бир жолу келүүчү бийлик тийди”, — деп, шайлоодо туура чечим чыгарууну өтүнгөн.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.