Борбордо мыйзамсыз курулган курулуштар алынды

Окуялар тизмеги 08 Сен 2020 15:49
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык мекемеси менен биргеликте шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, жакында Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган жарнама баннери алынды.

Айтматов проспектиси №6 дарегинин кожоюндары дагы тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган тосмону өз ыктыяры менен алышты.

Эске сала кетсек, аталган башкармалык тарабынан уруксаты жок кабаттуу турак-жайларды куруп алгандарга да чара көрүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.