2020-жылдын 8 ай ичинде Талас облусунда 73 өрт кырсыгы катталган. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 49,7% аз. Өрттөн болгон материалдык чыгым 6 млн 238 мин 956 сомду түздү. (2019-жылы 7 млн сомдон ашык – 15,7% азайган).
Өрттүн кесепетинен каза болгондор жок, бир адам жаракат алган (2019-жылы 3 адам жабыр тарткан). Өрттөн бир адамдын өмүрү жана 105 млн 760 000 товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.
Өрттөрдүн негизги себептери:
— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 27 (37%);
— мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 5 (6,8%);
— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 16 (21,9%);
— балдардын от менен ойноосуунан – 10 (13,7%)
Өрттөн болгон негизги объектилер:
— турак жай сектору – 52 (71,2%)
— унаа, гараж, турук (стоянка) – 12 (16,4%)
— кампалар, соода бөлмөлөр – 2 (2,7%)
— ачык аянттар – 2 (2,7%)
Болуп өткөн өрттөрдүн бөлүнүшү:
— Талас шаары – 15;
— Талас району – 12;
— Манас району – 16;
— Кара-Буура району – 20;
— Бакай-Ата району – 10 өрт катталган.
Интернеттен алынды