БУУ шайлоодо санитардык нормаларды сактоого чакырат

Окуялар тизмеги 07 Сен 2020 09:48
0 ой-пикир

 БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү партияларды этияттыкты сактоого жана COVID-19дун жайылып кетишине жол бербөөгө чакырат.

Бул тууралуу БУУнун КРдагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

«2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү парламенттик шайлоолорго карата үгүт иштери башталды. Бул маанилүү жараяндын жүрүшүндө саясий партиялар шайлоочулардын жетиштүү маалыматка негизделген тандоосу үчүн жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүзүшөт. Ошол эле убакта расмий статистиканын маалыматтары боюнча коронавирус илдетинин жайылышы 2020-жылдын июлунда өзүнүн туу чокусуна жеткен учурдан тартып кыскаргандыгына карабастан, COVID-19 эч кайда жоголо элек», — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө айтылгандай, COVID-19 пандемиясы күн сайын бүткүл дүйнө боюнча миңдеген адамдарга терс таасирин тийгизүү менен, мурдагыдай эле глобалдуу көйгөй бойдон калууда.

«Ошондуктан парламенттик шайлоолорго катышып жаткан саясий партияларды калк менен жолугушууларды уюштуруу мезгилинде Өкмөт жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган бардык зарыл болгон санитардык жана эпидемияга каршы чараларды сактоого, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынуу, колду жуу же санитардык тазалоону улантууга чакырабыз. COVID-19ду жуктуруудан улам калк арасында ден соолуктун начарлашы же өлүмгө учуроо көйгөйлөрүнө жол бербөө үчүн, калк менен болгон жолугушууларда жана жыйындарда COVID-19 илдетинин жайылып кетүү тобокелдигине жол бербөөнү камсыз кылуу – саясий партиялардын милдети болуп саналат. Ошондой эле биз, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын саясий партияларды үгүт иштерин жүргүзүүдө COVID-19дун жайылуу тобокелдиктерин алдын алууга жетиштүү көңүл бурдурууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.