Мадумаров менен Шайлдабекова Баткендеги шайлоо участкаларын кыдырды

Окуялар тизмеги 06 Сен 2020 22:30
0 ой-пикир

Мадумаров Баткендин чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүү маселесине жерине барып текшерди. Аны менен бирге БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова шайлоого болгон даярдыктарды текшерип, аткарылып жаткан иштерди жеринен көрдү.

 Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого болгон даярдыкка көз салды.

Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди. Вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Андан кийин Мадумаров ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышкан.

«Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоо туурасында айтты. Облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Мадумаров андан сырткары Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышкан.

Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Акрам Мадумаров проинспектировал ход подготовки к предстоящим выборам депутатов Жогорку Кенеша в Баткенской области. 06 сентября 2020 года
Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Акрам Мадумаров проинспектировал ход подготовки к предстоящим выборам депутатов Жогорку Кенеша в Баткенской области. 06 сентября 2020 года

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.