Акылга сыйбаган оюндар

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 05 Сен 2020 23:17
0 ой-пикир
Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн

Башталды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы башталды. Бизди бир жыл ичиндеги эң кызыктуу ай күтүп турат. Эми бизге убадаларды беришет, убадаларды алышат дегендей. Саясий партиялар, талапкерлер жана үгүтчүлөр сиздин көңүлүңүздү бурууга аракет кылышат. Албетте, бул тамаша кеп эмес — алдыда ТВ экрандарында, радиотолкундарда, ар кандай сайттардын баракчаларында, социалдык тармактарда “согуштар” башталат. Бир гана биздин бай эмес өлкөнүн тургундары ушул убакты күткөнүн карапайым калк түшүнүшү керек. Бирок бүгүн келечек сиздин добушуңуздан көз каранды экени тууралуу сөз кылбайбыз. Себеби азыр ар бир партиянын чакырыктары ушунун айланасында болору түшүнүктүү эмеспи. Ар кимдин атын атап, ушак кептерди да сөз кылбайбыз – себеби бул үгүт иштерине окшоп калат.

Аталган үгүт компаниясынын башталуу алдында коомдогу сезимдер өзгөчө басымдуу кылат. «Кыргызстан» партиясынын документтерин БШК кабыл алуусу үчүн эки соттук инстанциядан өттү. Кечээ кечинде Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы таптагы оппозициянын катарында турган көрүнүктүү партиялардын бири болгон «Бүтүн Кыргызстанды» каттоодон баш тартканы белгилүү болду. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидерлери кандай кабыл алгандыгы тууралуу азырынча белгисиз, бирок айтпаса да белгилүү болгондой, соттун кийлигишүүсүз өтүүсү мүмкүн эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында абалдын канчалык чыңалып тургандыгын бардык өлкө сезип турат.

Эксперттер шайлоо алдындагы учур көптөгөн сценарийлерге бай болуп, кызыктуу күндөр менен коштолорун айтышууда. Бирок шайлоонун жыйынтыгы үчүн учурдагы партиялар ортосундагы күрөшкө, өзүнүн дивиденддерин алыш үчүн көрсөткөн амбицияларына жараша болорун эч ким так кесе айта элек.

Ошон үчүн шайлоо, мында уткандар да, мандатка жетпей калгандар да болот – башкача болуусу мүмкүн эмес. Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор да сөзсүз чыгат – бул бардык коомго таандык кадимки эле көрүнүш. Бирок айырмасы ошол нааразычылык кандайча көрсөтүлгөнүндө.

Кыргызстан кыска тарыхында көп нерсени башынан өткөрдү. Шайлоо алдында, өзгөчө шайлоо бүткөндөн кийин ар кандай окуялар болду – ар кайсы лидерлердин аракетинен, бийликтегилердин жосунсуз жоруктарынан улам элдин нааразычылыгы күчөп, айрым учурларда уратуучу күчкө да айлана баштады.

Ошондуктан бүгүн башаламандык толкунуна туш болбоо эң маанилүү. Албетте, нааразы болгондор да чыгат. Бирок көп нерсе бийликтен, оппозициядан, талапкерлердин каршылаштарынан жана тарапташтарынан көз каранды болот. Бийликтин ар бир иш-аракети жана сөзү тыкыр көзөмөлдө.

Компромисске барбаган күрөш деген жасаган иш-аракет жана айткан сөз үчүн жоопкерчиликтен бошотулуу дегендик эмес. Бул күндөрү көпчүлүктүн нервдери чыңалат, эмоциялары өзгөрөт. Бирок мунун бардыгын татыктуу өткөрүп, саясий күрөштүн эрежелерин туура кабыл алууну өстүрүп, таза саясий салттын пайдубалын түптөөгө аракет кылуу — бул ар бир жарандын иши.

Ошондуктан үгүт жүргүзүүнүн биринчи күнүндө мен Кыргызстанга саясий өнөктүктү жайбаракат жүргүзүп, аягына татыктуу чыгарууну каалайм. Ошондой эле баарыбыз өз максаттарыбызга жетүү жөнүндө гана ойлонбой, бул биздин ынтымактуу мамилебизге коркунуч туудурбайбы деп ойлонушубуз керек.

Бизге акылдан сырт оюндар азыр да, кийин да эч качан керек эмес. Ошентсе да бул жөнүндө бүгүн айткым келип турат.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.