89 адамдан акыркы суткада коронавирус табылды

Окуялар тизмеги 05 Сен 2020 14:08
0 ой-пикир

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети лабораториялык жол менен дагы 89 кишиден табылды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 5-сентябрда билдиргендей, вирус жугузуп алгандардын 14ү Бишкекте катталды.

Ош шаарында бир, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда — 13, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда бир, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда — 19 кишиден вирус аныкталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.