Жээнбеков Чүй облусуна жумушчу сапары менен барды

Окуялар тизмеги 04 Сен 2020 14:44
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон жумушчу сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы кечээ, 3-сентябрда Чүй облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жумушчу сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Жайыл жана Москва райондорундагы аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Тактап айтканда, Президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышып, калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоордун ишке ашырылышын көрүп чыкты.

Алексеевка айылында АРИС линиясы менен таза суу менен жабдуу системасынын курулушу бүткөрүлүп, 8 миңден ашуун жергиликтүү тургун таза суу менен камсыз болгон.

Ак-Башат айыл өкмөтүндө «Санарип аймак» санарип платформасы жана кызматкерлерди каттоо боюнча «E-kyzmat» автоматташтырылган системасы ишке киргизилген. Анын негизинде айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган үй-бүлөлөрдүн курамын жана жашоо деңгээлин баяндаган чарбалык китебинин электрондук түрү түзүлгөн.

Жайыл районунун бирдиктүү аймактык ооруканасы өлкөдө биринчилерден болуп электрондук саламаттыкты сактоо элементтерин ишке киргизип, бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү иштеп келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.