Аскар Акаев: «Бакиев, Отунбаева, Атамбаев ошол программанын негизинде иштегенде, биздин ресурстар өсүп, өлкө өнүкмөк»

Окуялар тизмеги 03 Сен 2020 18:05
0 ой-пикир

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев жакында эле интервью берип, анда ал андан кийин мамлекет башчыларына сын-пикирлерди, Кыргызстандын жетишкендиктери менен бирге маселелерди да айткан.

«31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларация кабыл алынган. Борбор Азия боюнча биз эң биринчилерден болуп эгемендүүлүккө ээ болгонбуз.

15 жылда биринчи жолу декларациялар, экономикалык реформалар кабыл алынган. Эл аралык уюмдар Кыргызстанды жаш жана өнүгүп келе жаткан өлкө катары жылуу кабыл алды. Ар тараптан бизге жардам көрсөтүлдү. 2000-жылдары Кыргызстандын бедели бийик болчу», — деди Акаев. Ал эми журналисттин «мамлекетти башкарууда кандай катачылыктар кетти?» деген суроосуна ал «2001-жылы социалдык-экономикалык программа иштеп чыкканбыз. Ошол программа ишке ашпай калды.

Эгерде менден кийин башкарган Бакиев, Отунбаева, Атамбаев ошол программанын негизинде иштегенде, биздин ресурстар өсүп, өлкө өнүкмөк», -деди Аскар Акаев.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.