Жактоочу: Атамбаев №1 абакка которулат

Окуялар тизмеги 02 Сен 2020 17:45
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына которула турганын анын адвокаты Замир Жоошев 2-сентябрда билдирди.

Жоошев бул маалыматты «Фейсбуктагы» баракчасына да жазып, мыйзам боюнча мурдагы президент жок дегенде УКМКнын тергөө абагында кармалышы керек экенин айтты. Адвокат Атамбаевди №1 тергөө абагына которуу аракетин туура эмес деп баалап жатат.

УКМК Атамбаевдин которулушу боюнча комментарий бере элек.

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып кармалган, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.