Буга чейин Интернетте белгисиз адамдар эл каттоо деген шылтоо менен үймө-үй кыдырып, алдыдагы шайлоого маалымат чогултуп атышат деген билдирүүлөр тараган.
Улуттук статистика комитети жарандарды өздөрүн калкты каттоочу кызматкер катары тааныштырып, эл каттоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын айткан адамдарга алданбоого чакырды.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, эл жана турак жай фондун каттоо иштери 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өтүшү керек эле. Коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаалдан улам каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылган