Алмазбек Атамбаев “Батукаевдин иши” боюнча билдирүү кылды

Окуялар тизмеги 02 Сен 2020 10:51
0 ой-пикир

Абакта жаткан Алмазбек Атамбаев “Батукаевдин иши” деп аталган кылмыш иши боюнча соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу ал билдирүү жасады. Учурда соттук териштирүү жабык өтүп, иштин материалдары купуя сыр болгондуктан, элдин көпчүлүгү чындыкты алиге чейин билбей, ар кандай ушак-айыңдарга жана бийликтин жалаасына ишенип жатат. Ошол себептен, экс-президент билдирүү жасоону туура көрдү.
«2011-жылдан тартып мен Президент катары кылмышкер Жаныш Бакиевди өлкөбүзгө алып келүү боюнча бардык чараларды көрүп жаттым. Билесиздер, Жаныш Бакиевдин кылмыштуу буйруктарынын жана иш-аракеттеринин натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинде 80ден ашык күнөөсүз жаран өлүп, миңге жакын адам жарат алган. Ал кандуу күндөн кийин өткөн 10 жылдын ичинде ошол жарат алган жарандардын да 80ге жакыны кайтыш болду.
“Батукаевдин ишинин” маңызы төмөндөгүдөй, 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкарууну мен анын демилгечисине, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө менин тарабымдан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат болчу, ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу. Ошондуктан иш жүзүндө “Сокенин соту” мени канкор кылмышкер Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операцясын колдоп бергеним үчүн 11 жылга түрмөгө отургузду. Чындык ушундай.
Тилекке каршы, УКМКнын операциясы ишке ашпай калган. Ага ким күнөөлүү же объективдүү себептер болгонбу – булар да эртеби-кечпи белгилүү болот. Кыңыр иш кырк жылда билинет! Бирок мен азыр да Жаныш Бакиевге окшогон канкор кылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн мамлекет бардык чараларды көрүшү керек деп толук ишенем», — дейт ал.

Урматтуу мекендештер!
“Батукаев иши” боюнча өкүм аркылуу 150 адамдын өлүмүнө жана жүздөгөн адамдардын майып болуусуна күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевге жана анын өнөктөштөрүнө Сооронбай Жээнбековдун бийлиги иш жүзүндө кол тийбестик макамын ыйгарды десек жаңылбайбыз. Бул өкүм тийиштүү укук коргоо органдарына жана күч түзүмдөрүнө – 2010-жылдын 7-апрелинде тынч жарандарды массалык түрдө аттырган Бакиевдерге жана башка күнөөкөрлөргө каршы реалдуу аракеттерди көрбөгөнгө ачык-айкын көрсөтмө болду. Кыргыз эли мунун артында кимдер жана эмнелер турганын ачык билип, түшүнүшү керек. Кыңыр иш кырк жылда билинет. “Сокенин сотунан” башка элдин соту, тарыхтын соту, жарандардын соту бар. Бийликтин булагы – бул эл! Эртеби-кечпи акыры эл жана чындык жеңет!
Урматым менен Алмазбек Атамбаев. 28.08.2020.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.