Турсунбай Бакир уулунун арызы Боршайкомдун жыйынында талкууланат

Окуялар тизмеги 01 Сен 2020 18:56
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу 31-августта экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу жазган арызын карады.

Турсунбай Бакир уулунун сөзүнө караганда, маселе эми Боршайкомдун жыйынында талкууланат.

«Менин бир эле талабым бар. Жалган жасалган тизмени кабыл албоо жана «Бүтүн Кыргызстандын» курултайында бекитилген талапкерлердин тизмесин алуу. Азыр Борбордук шайлоо комиссиясы ушуну карап жатат», – деди ал.

БШК Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» партиясына каршы арызын жалпы жыйында качан карай турганы белгисиз. Ал эми партиянын Боршайкомдогу өкүлү Мыктарбек Алымкулов Бакир уулунун дооматтарына жооп берди.

«Жыйын талапкерлердин тизмесин өзгөртө алат. Буга мыйзам жол берет. Мыйзамда талапкерлер кошулат, тизмеден чыгарылат деп жазылган. БШК маселени жалпы жыйында караганы калды, болгону ушундай чечим бар».

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.