Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президентин куттуктады

Окуялар тизмеги 31 Авг 2020 14:35
0 ой-пикир

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Биргелешкен аракеттерибизден улам эки боордош мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен көп пландуу кызматташтык акыркы жылдары дээрлик жаңы деңгээлге көтөрүлгөндүгү бизди өзгөчө кубандырат. Соода, өнөр жай, транспорт жана байланыш, айыл чарба, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү биздин конкреттүү долбоорлорубуз менен биргелешкен программаларыбыз толук кандуу ишке ашырыларына ишенем. Албетте, урмат-сыйга, ак ниет коңшулукка жана өз ара колдоого негизделген биздин достук кызматташтыгыбыз бир тууган элдерибиздин бактысы үчүн мындан ары да өнүгүп-өсө берет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.