Бир топ лидерлер Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттукташты

Окуялар тизмеги 31 Авг 2020 17:40
0 ой-пикир

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаяндын куттуктоосу: «Сизди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, чын жүрөктөн куттуктоолорумду айтып, жакшы каалоо-тилектеримди билдирем. Сизге бекем ден-соолук жана бакыт-таалай, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине мындан аркы өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле вице-президент, Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед Бин Рашид Аль Мактум жана Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мохаммед Бин Заед Аль Нахайян дагы өз куттуктоолорун жолдошкон.

Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додондун куттуктоосу: «Ар кыл тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын оң динамикасын, эки өлкөнүн жана эки элдин ортосундагы салттуу достук жана өз ара сый мамилелерди канааттануу менен белгилейм. Молдова Республикасы менен Кыргыз Республикасы жемиштүү, көп пландуу өнөктөштүктү мындан ары дагы өнүктүрөрүнө жана тереңдетерине ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Игорь Додон Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрондун куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 29 жылдыгына байланыштуу, чын жүрөгүмдөн чыккан куттуктоолорумду, каалоо-тилектеримди билдирүүгө, Кыргызстан элине бакубаттуулукту жана гүлдөп-өсүүнү каалап кетүүгө уруксат этиңиз.

Биз жеке адамдардын эркиндигин коргоп, демократиялык баалуулуктарыбызды сактап калышыбыз керек. Анткени бул үчүн элибиз өз тарыхында чоң курмандыктарга барган. Кыргызстан бул боюнча алган милдеттенмелерин аткаруусу маанилүү болуп саналат.

Президент мырза, биз пандемиядан кийин дүйнөлүк экономиканын жандануусун жана өз ара кызматташуу маселелерибизди биргеликте карап чыгабыз. Буга байланыштуу, биздин ортобуздагы диалогду өркүндөтө турган Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн Парижде ачылышын кубаттайм. Санитардык шарттар мүмкүнчүлүк берери менен Сизди Францияда кубануу менен тосуп алам», — деп айтылат Эммануэль Макрондун телеграммасында.

Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Индин куттуктоосу: «Кыргызстан биздин Өкмөттүн максаттуу түрдө алга жылдырып жаткан жаңы түндүк саясатынын алкагындагы негизги кызматташкан өлкө болуп саналат. Ошондой эле Евразия чөлкөмүндө тынчтыкка жана гүлдөп-өсүүгө карай биргеликте жол алган баалуу досубуз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Мун Чжэ Ин эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да тереңдеп, өз ара жагымдуу болуп, келечекке карай багыт аларына үмүттөнөрүн билдирген.

Ал Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстанга чексиз гүлдөп өсүү каалаган.

Испания Королу Фелипенин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу, мен Испаниянын Өкмөтү жана эли менен биргеликте чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жиберем. Сизге бакубатчылык, кыргыз элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Индия Республикасынын Президенти Рам Натх Ковинддин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасы Көз карандысыздыкка ээ болгондон тартып, биздин эки тараптуу мамилелерибиз өсүп-өнүгүүдө, биздин тарыхый-маданий жолубуз жана достук бекемделүүдө. Кыргызстан жана Индия 2019-жылы өздөрүн Стратегиялык өнөктөштөр деп жарыялап, астыга чоң кадам таштады», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Индия Президенти Рам Натх Ковинд Президент Сооронбай Жээнбековго ден соолук жана бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элине өсүп-өнүгүү каалады.

Бахрейн Королу Хамад бин Иса Аль-Халифдин куттуктоосу: «Жеке өзүмдүн жана Бахрейн Королдугунун элинин атынан сизди Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль Сисинин куттуктоосу: «Учурдан пайдаланып, мен Сизди биздин өлкөлөрдүн достугун байланыштырган эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүп жаткандыгына ишендирип кетем. Ошондой эле мен өз ара пайдабыз үчүн мындан ары дагы кызматташууну өнүктүрүүгө абдан кызыкдар экенидигимди билдирем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Абдель Фаттах Аль Сиси Сооронбай Жээнбековго бакубатчылык, ал эми достук мамиледеги Кыргызстандын элине өсүп-өнүгүүнү каалады.

Марокко Королу Мохаммед VI`нын куттуктоосу: «Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара сый-урматка негизделген боордоштук мамилелерди чыңдоо жана калктарыбыздын жыргалчылыгы үчүн кызматташуубузду ар тараптуу илгерилетүү максатында Сиздер менен карым-катнашты улантууга кызыкдар экенимди айткым келет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Италия Президенти Сержо Маттарелланын куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Президент мырза Сизге жана Кыргыз Республикасынын жалпы элине Италиянын бүткүл элинин жана жеке өзүмдүн атымдан эң жакшы каалоо-тилектерди билдирип кетүүгө уруксат этиңиз. Биздин өлкөлөрдү эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүнүн бекем пайдубалын түзгөн өз ара терең достук мамилелер байланыштырып турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагындагы учурдагы кырдаал жакынкы убакта жөнгө салынарына үмүт кылабыз. Президент мырза, Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди жолдойм», — деп белгиленет телеграммада.

Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудездин куттуктоосу: «Президент мырза, Сизди Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди кеңейтүүнү колдойм. Сизге болгон терең сый-урматымды кабыл алып коюңуз», — деп жазылат телеграммада.

Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдельмажжит Теббундун куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу Сизге бүткүл алжир элинин жана Өкмөтүнүн, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан жылуу куттуктоолорду жана чын дилден чыккан каалоо-тилектерди жолдоп жатканыма кубанычтамын. Сизге ден соолук жана бакубатчылык, ал эми кыргыз элине өсүп-өнүгүүнү каалайм. Ошондой эле ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сиздер менен достукка жана тилектештикке негизделген мамилелерибизди жана жалпы кызыкчылыктарыбыз үчүн бардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн үстүндө иштөөгө толук даяр экендигимди тастыктайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Украина Президенти Владимир Зеленский Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Мальта Президенти Жорж Велланын куттуктоосу: «Биздин эки өлкөнүн ортосундагы жылуу мамиле биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берерине ишенем. Мальта Республикасы кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы, ошондой эле аймактык масштабдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алкагындагы мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип иликтөөгө ишеним арта тургандыгын кайталап кетким келет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Жорж Велла Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Хорватия Президенти Зоран Милановичдин куттуктоосу: «Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн бардыгы COVID-19 инфекциясы менен күрөшүп жаткан жана тилекке каршы, биздин мамлекеттер да буга кириптер болгон оор мезгилде мен Сизге жана Сиздин өлкөңүзгө гүлдөп өнүгүүнү каалайм.

Биз вирустун жайылышын биргелешип токтото аларыбызга, мунун артынан биздин жарандарыбыз күнүмдүк жашоосуна тезирээк кайтып келе тургандыктарына ишенем.

Учурдан пайдаланып, Хорватия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдалып, тереңдей бере тургандыгына ишенеримди билдирем», — деп айтылат Хорватия Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Австралия биримдигинин Генерал-губернатору Дэвид Херлинин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Сизге, Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине жеке өзүмдүн, Австралия Өкмөтүнүн жана элинин атынан эң жылуу каалоолорду жеткирүүгө уруксат этиңиз. Бүгүн дүйнө өлкөлөрү COVID-19га байланыштуу күч-аракеттерин бириктирип, оор кырдаалдан чыгып жатканда эл аралык коомчулуктун тилектештиги баарынан маанилүү», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Дэвид Херли Кыргызстан менен Австралиянын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да уланарына ишенимин билдирди.

Швейцария Конфедерациясынын Президенти Симонетта Соммаруганын куттуктоосу: «Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ак ниет жана ишенимге негизделген мамилелер негизги глобалдык чакырыктарды бирге чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сиздер менен мындай көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө чогуу иш алпарууга үмүт артам. Учурдан пайдаланып, Швейцария менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы бекем мамилелерди колдоорумду тастыктайм. Швейцария Федералдык кеңешинин атынан азыркы санитардык каатчылыкта тилектеш экенибизди билдирип кетким келет. Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине бакыт-таалай, жакшылыктарды жана келечекте ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Канаданын генерал-губернатору Жюли Пейеттин куттуктоосу: «Канада Кыргызстан менен болгон мамилелерин баалайт. Биз, ошондой эле, эки жана көп тараптуу, өзгөчө сууну туура башкаруу жана климаттык өзгөрүүлөр жаатындагы кызматташтыгыбызды күчөтүүгө умтулабыз.

COVID-19 пандемиясы козгогон чакырыктарга биргеликте жооп берүү зарылчылыгын да белгилейбиз. Ошондуктан Кыргыз Республикасына ушул илдеттин жайылышына каршы күрөшүүгө жардам берүүгө даярбыз. Менин эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Черногория Президенти Мило Жукановичдин куттуктоосу: «31-август — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата менин атымдан жана Черногория элинин атынан чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдойм. Сиздин өлкөңүзгө ийгиликтерди жана өлкө элине бакубатчылыкты каалайм. Ар дайым өз ара сый-урматка жана түшүнүшүүгө негизделген эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин келечегине болгон көз караштарыңызды бөлүшөм деп канааттануу менен айта алам. Черногория эки элди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы менен достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө ар дайым даяр», — деп айтылат Черногория Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.