Мамлекеттин 20 шаарына Бишкек менен Ош шаарындай шарттар түзүлөт.

Окуялар тизмеги 30 Авг 2020 13:04
2 ой-пикир

Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында өлкөнүн 20 шаарына Бишкек менен Ош шаарындай шарттар түзүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчы бул менен 20 калаанын жака-белинде жашаган элди чет жакка кетирбей кармап калууга мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи. 

“Ошол шаарларда медицина, билим берүү, социалдык коргоо, мамлекет жасай турган бардык иштерге каражат бөлүнөт. Өнөр жай ишканаларын көбөйтөбүз, бизнес, жумушчу орундары түзүлө баштайт. Окуу жайларынын, саламаттык сактоо тармагынын сапатын жакшыртууга, кайра иштетүү өнөр жайын жолго коюуга аракет кылабыз. Жетишкендигибиз — ушул 20 шаарды өнүктүрүүгө багытталган программаны ишке ашырууга каражат табылды”, — деди Президент.

Сүрөт интернеттен алынды

2 ой-пикир “Мамлекеттин 20 шаарына Бишкек менен Ош шаарындай шарттар түзүлөт.

  1. Темирлан

    Каражат илгертен бери эле болуп келген, бул убакка Кыргызстан онуккон олколордун эн алдынкы орундагы мамлекеттердин катарында турмак керек болсо, эми убакыт келди,эми ойгондук дегенинер ото чон преступления…!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.