Экс-президент Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жалпы европалык комиссиясынын мүчөсү болду

Окуялар тизмеги 29 Авг 2020 11:29
0 ой-пикир

Роза Отунбаева Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жалпы европалык комиссиясынын мүчөсү болгондугун «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-августта Отунбаева Пан-Европа комиссиясынын “Ден соолук жана туруктуу өнүгүү” иш- чарасына онлайн форматта катышып, саламаттык сактоо жаатында бир катар маселелерди эксперттер менен бирге талкуулаган.

Комиссиянын максаты — пандемиянын шартында саясаттын артыкчылыктуу багыттарын кайра карап чыгуу.

Комиссия саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө кызматтарынын абалын, коомдук саясий артыкчылыкты жогорулатуу, анын ичинде туруктуу өнүгүүнү жана социалдык биримдикти орнотуу боюнча иш алып барат.

Комиссиянын курамына мурдагы президенттер, өкмөт башчылары, илимпоздор жана медицина тармагынын лидерлери кошулган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.