Исхак Масалиев Турсунбай Бакир уулуна: «Сиздин аброюңузга шек келтирип, үй-бүлөңүзгө тийишкен жокмун»

Окуялар тизмеги 29 Авг 2020 15:48
0 ой-пикир

Экс-депутат Исхак Масалиев мурдагы кесиптешине жооп катары төмөнкүдөй билдирүү жазып чыкты:

“Турсунбай ажы!
Сиз мага таарынгандын ордуна маалыматты жакшы окусаңыз болмок. Бир жерде Сиздин аброюңузга шек келтирип, үй-бүлөңүзгө тийишкен жокмун. Бир гана нерсе тактап кетейин – Адахандан акча жөнүндө сөз болгон жок. Ал эми көчөдө ар кандай адамдар ар кандай ушак айтыш мүмкүн.
Ден соолук каалаймын Сизге, Турсунбай ажы”, – деп айткан Масалиев.

Эске салсак, Турсунбай Бакир уулу Фейсбук баракчасынаИсхак Масалиевге «никелешкен аялдарым менен жашаганымды баары билет, мен сага окшоп арамданган жокмун» деген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.