Мэрия: Бардык чектөө алынган жок

Окуялар тизмеги 28 Авг 2020 14:00
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева брифингде билдиргендей, 3-августтан тарта Бишкектеги айрым чарбалык субъекттердин иши, ошондой эле коомдук унаанын иштөө тартиби өзгөртүлгөн.

Шаардык жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт (автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар) милдеттүү түрдө дезинфекциялоо жүргүзүп, таңкы 07:00дөн 11:00го чейин жана саат 14:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Саат 11:00дөн 14:00гө чейин жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн санитардык тыныгуу болуп эсептелет.

100 квадрат метрден ашкан соода борборлору — супермаркеттер, соода үйлөрү, комплекстер, дүкөн түйүндөрү күн сайын эртең менен 07:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин иштейт.

Кафе жана ресторандар, ошондой эле коомдук тамактануу жайлары таңкы 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштейт, санитардык талаптарды так сактоо менен тамак-аш жеткирүү кызматтарына жана тамакты алып кетүүгө убакытта чектөөсүз иштөөгө уруксат берилет.

Борбор калаанын базарлары мурдагыдай күн сайын саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт, бирок милдеттүү түрдө санитардык тыныгуу менен.

Бул чаралар атайын токтом кабыл алынганга чейин, башкача айтканда Бишкек шаарынын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин колдонулат жана менчигинин түрүнө карабастан бардыгы үчүн милдеттүү болуп саналат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.