Коронавирус жуктурган 128 жаңы учур катталды

Окуялар тизмеги 28 Авг 2020 11:29
0 ой-пикир

Республика боюнча ооруканаларда 810 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 744 адам дарыланып жатат.

«Бишкек шаарында 181 киши, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда – 64, Ош облусунда – 113, Нарын облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 134, Жалал-Абад облусунда – 140, Талас облусунда – 36, Баткен облусунун ооруканаларында 92 бейтап дарыланууда», — деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 128 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 587ни түзөт. Алардын ичинен 37 миң 726 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.