«Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасына 176 айыл өкмөт кошулду

Окуялар тизмеги 27 Авг 2020 13:17
0 ой-пикир

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасын 2020-жылдын аягына чейин толугу менен ишке ашыруу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов санариптештирүү боюнча 2020-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштерди талкуулаган кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасына 176 айыл өкмөт кошулду.

«Санарип аймак» системасын жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, адистердин калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүндөгү ишин автоматташтырууну шарттайт.

Ошондуктан системаны аймактардагы шаарлар менен айыл өкмөттөргө киргизүү иштери күчөтүлүүгө тийиш. «Санарип аймакты» жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөттөр маршрутизаторлор (роутер) менен ыкчам тартипте камсыздалышы шарт», — деди Өкмөт башчы.

Кеңешмеде саламаттык сактоо, билим берүү тутумдарын санариптештирүү маселеси да талкууланды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.