БШК соттун чечимине нааразы

Окуялар тизмеги 27 Авг 2020 21:05
0 ой-пикир

БШК (Борбордук Шайлоо Комиссиясы) «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес.

Мекеменин төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, партиянын арызын четке кагыш үчүн сотто негиздүү далилдер бар болчу. БШК коллегиялык орган болгондуктан, мүчөлөрү кеңешип жогорку инстанцияга кайрылуу маселесин талкуулашат.

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды. 27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карады.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган.

Соттун чечимине жарандык активисттер жана башка айрым партиялардын өкүлдөрү нааразы болуп, мөөнөтсүз митинг өткөрөрүн айтышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.