«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына төрт сааттай сурак берип чыкты

Окуялар тизмеги 26 Авг 2020 16:49
0 ой-пикир

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов 25-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгына төрт сааттай сурак берип чыкты. Ал сурактын купуялыгы боюнча кол коюп бергендиктен, толук маалымат бере албай турганын маалымдады.

Атазов милицияда буга чейин «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсү боюнча суроолорго жооп берген. Атазов ал постто эч кандай чагым эмес, жөн гана Оштогу мыйзамсыздык жөнүндө ой-пикирин жазганын айтты.

Атазовдун Фейсбуктагы жазгандарынан:

Урматтуу достор!
Мен кечээ жазган посту жакын досумдун суранычы менен алып койдум. Бирок, бул деген Азамат Арапбаевдин Ошто жургузуп жаткан иштерине мындан нары баа берууну токтоттум дегендик эмес. Табиятымдан чындыкты бетке айткан инсанмын. Азамат Арапбаев эле эмес, кайсы партия болсун элдин укугун тебелеп,озунун зоокурлугун корсотсо аны карап турбайм! Мен учун эн ыйык элибиздин эркиндиги! Элим учун баардык нерсеге даярмын! Менин жазганыма ичи ооруп жаткан укук коргоо органдары, Азамат Арапбаевдин фейк «кучуктору» мага эмес, кайсы президент келсе да жанынан кетбеген кошматчы, зоокурлорго кенеш айтып эскертип койгула!
Ош шаары Арапбаевдин менчик уйу же жеке фирмасы эмес!, — деп жазылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.