Баңгизатты мыйзамсыз жүргүртүп келген шектүүлөрдү Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармады

Окуялар тизмеги 26 Авг 2020 18:28
0 ой-пикир

ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүргүртүп келген шектүүлөрдү кармашты
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттын курамына кирген өсүмдүктөрдү ири көлөмдө өстүрүү менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Атайын ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн топтун мүчөлөрү 1972-жылы туулган К.О. менен 1992-жылы туулган Р.В. кармалды. Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында энеси менен баласына караштуу үйлөрдү тинтүүгө алуу учурунда өстүрүп жаткан кара куурай түспөлүндөгү өсүмдүк, гашиш майын даярдоо үчүн заттар, марихуана жана баңги каражатын колдонуу үчүн жабдыктар (бульбулятор) табылып алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 110 килограмм 450 грамм кара куурай алынды. Кармалган жарандар соттун чечими менен Тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда аталган кылмыштуу тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар менен атайын тергөө амалдары жүрүүдө.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.