Анара жана Калыс. Үйдөгү урушту сыртка чыгарбаш керекпи?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 26 Авг 2020 20:25
0 ой-пикир

Анын колу алтын, бардык нерсеге, ишке көрк берип коет. Тигет, түймө түйөт жана тамакты даамдуу жасайт. Деги эле жашоосунда өз алдынча өмүр сүрүп келет. Апасы эрте көз жумгандыктан Анара кичине кезинен баштап эле үйдө кожейкенин ролун аткарып, бардык нерсе үчүн жооп берчү. Чоңойгондо мекениндеги жогорку окуу жайдан билим алуу кыйын болорун, үй-бүлөсүнүн каржы жагынан кыйналарын билип, Москвага сапар тарткан.

Ал жактан Анара курбусу иштеген ресторанга ишке орношуп, салат жасап баштаган. Курбусу Москвадагы кемпирдин үйүндө чогу жашоону сунуштаган. Экөөлөп батирге акы төлөө оңой болгон, бирок борбордогу ресторандын ашканасында жардамчы болуп иштеген анын маянасы аз эле болчу.

Эгерде мындай иш менен туш келбеген болсоңуз, билип коюңуз: күнүнө 300 салатты жасоо – бул өтө оор иш. Ошондой эле мөмөлөрдү дагы кесип, кооздоо анын иши эле. Ооба, кулакка жакшы угулат, шабдаалы, алма, банан, апельсин, киви ж.б. кесип, кооздоо. Бирок булардын баарын кайра-кайра кесе берсең тажап да каларың бышык эмеспи. Тээтиги столдо кардар отурат, чогу отурган айымын таң калтыргысы келип жатат, демек кардардын көңүлүнө жаккандай салат жасап, мөмө кесүү үчүн тынбай иштөө керек. Бутуң, колуң, белиң ооруп жатабы эч кимдин иши жок, себеби ооруп калсаң ордуңду басып алчулар четтен чыгат.

Мындай оор иштен жыйырма жаштагы кыздын буттары пенсионердин бутундай эле шишип кетчү, ооруп чыкчу. Бирок Анара тырышчаак болгондуктан бир нерсени бат өздөштүрүп алчу. Ал иштеген жердин жанында суши жасаган мастер иштечү, Анара анын ишине дайыма кызыгуу менен карачу. Интернеттен ашканага байланышкан видеолорду көрүп турчу. Мастер Витядан бир буйрутманы жасоого уруксат берүүнү суранганда ал макул болгон, ошентип ага ийгилик жылмайган, себеби Анаранын жасаган сушиси кардарга абдан жагып, Витяныкынан дагы мыкты болгон.

Бирок Анара Витяга атаандаш болгусу келген эмес, башка суши-вок-ресторандан жумуш таап, ийгиликке жетишип, мастерлердин жетекчиси болууга жетишкен. Ээси аны абдан баалачу, маянасы өзүнчө батирге чыгууга мүмкүнчүлүк берген, борбордон болбосо дагы “Бабушкинская” метросунан батир тапкан.

Калыс болсо Кыргызстанда сүрөтчү болуп иштечү, бирок анын акчасы 4 баладан турган чоң үй-бүлөсүн багууга жетчү эмес. Аялы иштечү эмес, удаа төрөлгөн балдарын багуу менен алек эле. Калыстын жини чукул эле, аялы дагы балдарымды кантип тойгузам, мектеп формасын кайсы акчага алып берем, эгиздеримдин былтыркы кийимдери кичине келип калды, оорулу апама дары алып бериш керек деген көйгөйлөр менен алышып, чыдамы кетип калган эле… Бул суроолордун түбү жок болчу. Кечки тамакка нан менен чай эле болуп калса куурдак жасабаганы үчүн ал күнөөлүү болуп калчу экен. Натыйжада уруш чыгып, Калыстан таяк жеген күндөрү көп эле болгон.

Калыс сүрөт тартчу: жылкылар, тоолор, кара көздүү сулуулар… Бирок буйрутма бирде бар, бирде жок болуп калчу, туугандары болсо жардам бергидей деле бай эмес эле. Үй-бүлөдөгү мамилелер эбак сууп калган, ошондуктан Россияга барып эле акча таап келүү керек деген ой тынч койчу эмес. Ал жакка байкеси мурунураак кетип, Калысты дагы чакырган.

Москвада анын сүрөтчүлүк таланты эч кимге керек эмес эле, ошентип ал курулушка кирүүгө аргасыз болгон. Жумуш оор, бир батирде 6 эркек киши менен жашоого туура келди. Аялы дагы чалып эле акчаны аз жиберип жатасын деп уруш чыгарчу. Ошентип Калыс аялына үч талак берип, ажырашып кеткен.

Ушундай оор күндөрдүн биринде Анараны жолуктуруп калды. Анаранын иши ийгиликтүү болсо, Калыстыкы анча эмес эле.

Алар жолуккан маалда Анара дагы үй-бүлө курганы менен балалуу боло албай, үч жолу боюнан түшүп калган эле.

Биринчи күйөөсү менен ажырашкандан кийин Анара Калысты жолуктурганын ага берилген жаңы мүмкүнчүлүк катары кабыл алган. Кыскасы, үмүт берген. Ал иштин көзүн билет, шайыр, ийгиликке кайрадан ишенген айым эле. Ал Калыс үчүн жаңы долбоорлорду ойлоп таап турчу. Алар жаңы иш баштап, үйдүн үстүн жабуу менен алек болуп башташкан. Москвада үйдүн чатырын жаптырууну каалагандар көп эле. Жада калса Рублевкадан да кардар табууга жетишкен, ошентип иш жакшы улана баштаган.

Аялынын ийгиликтери алгач Калысты кубанткан. Бирок көп өтпөй анын ичи күйүп баштаган. Үйдө уруш көбөйүп, болбогон эле нерселер үчүн, туз туура эмес жерде турат, үнүңдү катуу чыгарып сүйлөп жатасың деген сыяктуу майда нерселерден улам Калыс уруш чыгарып баштаган. Эмне ийгиликтүүмүн деп ойлоп жатасыңбы? Бизнес-вумен болуп кеттиңби? Мен сага көргөзөм кандай бизнес-вумен экениңди деп сабап салган күндөрү да болгон.

Ал бетиндеги көгалаларды косметиканын жардамы менен жаап, жумушка мойну жана жеңи узун кийимдерди кийип келе баштаган.

Калыс Кыргызстанга, үйүмө кетем дегенде Анара тоскоол болгон эмес. Акчасы бар, баарына жетет, мекенинде дагы бизнес ачса болот. Анын колунан баары гүлдөйт, жемиш берет.

Ошентип түштүктөгү жылуу шаарлардын биринде ал бизнес ачкан. Ал дагы дайымкыдай эле ийгиликтүү болгон. Бирок күйөөсүнүн биринчи никесинен төрөлгөн балдары менен тил табыша албай койгон, канчалык аракет кылса деле баары бир Анара күнөөлүү болуп чыкчу эле. Жашоодон өз ордун таба албаган Калыс себепсиз эле жиндене берчү болгон. Ал иччү эмес, чекчү эмес, намаз окучу бирок кандай көйгөй болсо дагы баарына аялын күнөөлөп турчу.

Анаранын денесинен болсо көгалалар кетчү эмес. Айрым учурларда күйөөсү сабап салса үйүнөн чыкпай жатып калган күндөрү болгон. Бирок ажыраша алчу эмес, себеби ал мусулман эле, күйөөсү талак берген эмес. Күйөөсү бул сөздү айтмайынча ал анын аялы болуп кала берчү.

Ал эч качан жардам сурап кризистик борборлорго кайрылган эмес. Психологдор менен дагы кеңешкен эмес. Үй-бүлөдөгү чырды сыртка чыгарбаш керек деп баарына чыдап жүрө берген. Болгону курбусуна чалып арызданып алчу. Дагы жакшы ушундай жакшы курбусу бар эле.

Бул окуя “кокустан угуп калдым” деген окуялардын бири, бирок күнүмдүк жашоодо абдан көп кезиккен окуялардан. Каармандардын ысымдары өзгөртүлүп берилди.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам бере турчу 13 кризистик борборлордон бизге экөөсү гана жооп беришти: “Сезим” жана “Шанс”. Мындай борборлордун көбүнүн номерлери уюлдук телефондордун номерлери эмес, үй телефондордун номерлери.

Биринчиден, сени сабап жатышса зөөкүр күйөөңдөн кутулуш үчүн үй номерге чалуу кыйынчылык жаратат. Азыр баарында уюлдук телефон бар, бирок кризистик борборлордо эмес.

Экинчиден, бул номерлер иш күндөрү гана саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Ал эми зөөкүр болсо кайсы маал болбосун сабай берери бышык.

Үчүнчүдөн, бул номерлерге чалсаң дагы эч ким жооп бербейт – мен текшерип көрдүм. Мага бир жолу гана жооп беришкен, трубканын нары жагындагы үн – “бул батир” деп жооп берген. Бул номерлер ушул жерде жазылган номерлер эле.

Эгерде сиздин телефон чалууга жооп беришкен болсо мага жазып коюңуздар, мен өз сөзүм үчүн кечирим суроого даярмын.

Анаранын трагедиясындай себептер абдан көп, тилекке каршы, көйгөйдүн тамыры балдарды тарбиялоодо жана салттарда жатат. Бул көйгөйдү чечүү жолу албетте узак, бирок кыздарыбыз Анарадай болуп косметиканын жардамы менен көгаласын жашырбаш үчүн биз бул жолду басып өтүп, көйгөйлөрдү чечишибиз керек.

Автору: Элеонора ПРОЯЕВА Сүрөт: www

Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.