Турсунбай Бакир уулу: «Курултайда бекитилген тизме менен шайлоого аттанбасак, сотко берем»

Окуялар тизмеги 26 Авг 2020 19:00
0 ой-пикир

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу 26-августта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу нааразылыгын билдирип, курултайда бекитилген тизме менен шайлоого аттанууга чакырды, андай болбосо аталган партияны сотко бере турганын жарыялады.

Бакир уулу өзүнүн партиядан чыгып кеткени тууралуу маалыматтарды четке какты.

Талапкер «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 19-августтагы курултайында бекитилген тизмеси өзгөрүп кеткенин, өзү башында алдыңкы сапта туруп, бирок кийинчерээк артка жылып калганын, муну менен мыйзам бузуу болгонун баса белгиледи.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бул айтылгандар боюнча комментарий бере элек. Партиянын өкүлү Айданбек Акмат уулу «Азаттыкка» 19-августтагы курултайда болжолдуу тизме жарыяланганын, лидерге аны өзгөртүүгө убакыт берилгенин маалымдады. Анын айтымында, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 120 кишиден турган акыркы тизмесинде Турсунбай Бакир уулунун ысымы жок.

Эске салсак, буга чейин саясатчы Темир Сариев аталган партиядан чыккан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.