Депутаттык мандаттардын мөөнөтү жөнүндө

Аналитика, Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьи, Статьялар 25 Авг 2020 13:04
0 ой-пикир

Юридикалык илимдердин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.  

Жакында эле бир мекендешибиз Жогорку Кеңештин депутаттары мандаттарды менчиктеп алышканын, атадан-балага өткөрүп жатышканын жазып, нааразы болгонуна күбө болдум. Негизи эле мындай нааразычылыкты биринчи жолу эмес, далай жолу угуп келем, ушуга байланыштуу бул тарых сабактарын жазууну чечтим.  

Негизи депутаттарга мыйзам аркылуу коюлган стандарттар тизмеси бар, ал мамлекет тарабынан сакталышы кажет. Бирок бул эрежелер дайыма эле сактала бербейт, бул тигил же бул өлкөнүн саясий өзгөчөлүктөрүнө же тарыхый салттарына байланыштуу болот.  

Бул же тигил кызматты ээлөөдөгү мөөнөттүн чектелгени байыркы заманда эле пайда болгон. Апат каптаганга (кол салууга) чейин уруу башчысы улгайгыча же ооруганга чейин өлтүрүлүш керек болчу. Себеби уруу башчыны — клан символу деп санашчу.  

Мамлекет жана шайлоо пайда болгону айрым кызматтарды ээлегенге чектөөлөр байыркы Римде пайда болгон. Афинада жарандарга «Беш жүздүк кеңешинин» (Булэ) мүчөсү болууга 2 жолу гана уруксат берилчү, ал эми анын жетекчиси, төрагасы болууга 1 жолу гана мүмкүн эле. Римде бардык кызматтар бир жылдык мөөнөткө эле берилчү. Мунун баары баскынчылыкты, үстөмдүктү болтурбоо үчүн каралган чаралар эле.  

Ошондуктан Мыйзам чыгаруу органы ушундай эрежелерди киргизсе болот. Мөөнөткө карата негизги чектөөлөр мамлекеттин башчысы – президенттин институтуна тиешелүү болуп келет. Көпчүлүк учурда эки жолку мөөнөткө гана уруксат берилет. Бирок Германияда бул кызматка каалашынча талапкерлигин койсо болот. Ал эми дүйнөлүк практикада депутаттык мөөнөттөр боюнча чектөөлөр жокко эсе. Мисалы, улуу саясатчы Уинстон Черчилль Британиянын парламентине 9 жолу депутат болуп шайланган. Элине, дүйнөгө мыкты кызмат кылып, адамзатты фашизмден сактап, бир нече жолу Өкмөттүн мүчөсү жана эки жолу Улуу Британиянын премьер-министри болгон.  

Депутаттар бир жолку мөөнөттөн ашык парламентке шайланбашы керек деген талап Мексиканын Конституциясында жазылган. Ошондуктан Мексикада парламенттик жана президенттик шайлоо толугу менен жаңыланган курамда өтөт. Мындай практика өлкөнүн татаал саясий тарыхы менен байланышкан, бул мамлекет көптөгөн согуштарды жана саясий толкундоолорду башынан өткөрүп, саясий партиялар тобу бир нече жолу бийликти өз колунан чыгаргысы келбей ар кнадай иш-аракеттерге барышкан. Жалпысынан Латын Америкасындагы көпчүлүк өлкөлөрдө аскердик төңкөрүштөр бат-баттан болуп тургандыктан президенттер бир мөөнөтко гоана шайланат. Депутаттардын мөөнөтүнө чектөөлөр АКШнын айрым штаттарында бар, бирок федералдык деңгээлде андай чектөөлөр жок. Ошондуктан бизде деле депутаттык кызматты ээлегендердин мөөнөтүн чектеп, Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизсек болот. Дүйнөлүк прецеденттер бар, болгону тиешелүү негиздеме керек. Бирок жакшылап ойлонуу керек, себеби Кыргызстан таланттарга анча деле бай эмес.  

Коом өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө маанилүү кызматтарды ээлөө Мыйзам менен эмес, адеп-ахлак нормалары менен жөнгө салынышы мүмкүн. Мисалы, Швецияда депутаттыкка 2 жолудан көп талапкерлигин коюу адепсиздик катары бааланат. Швед рикстагынын виц-спикери Кыргызстандын, Казакстандын жана Молдованын депутаттары менен болгон жолугушууда келерки шайлоодо алардын партиясы утарын, бирок жаңы муунга орун бошотуу керектигинен улам алар парламенттен кетерин билдиришкен. “Бул эшикке куулуп калгандан көрө жакшы кадам”,-деген ал саясатчыларга өзү тууралуу гана эмес, өлкөнүн келечеги тууралуу ойлоо керектиги тууралуу сонун сабак берди.  

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.