25-августта коронавирус жана пневмония 119 адамдан жаңы аныкталды

Окуялар тизмеги 25 Авг 2020 13:48
0 ой-пикир

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-августтагы брифингде билдирди. Вирус аныкталгандардын 15и Бишкекте. Ошто – 8, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда — 15, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 39, Баткен облусунда — 19, Талас облусунда – 4 учур катталды.

Ушуну менен 25-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандар 43 245 адамга жетти. Акыркы суткада 310 адам ооруканадан айыгып чыкты. Пандемия башталгандан берки убакта бул оорудан 36 925 адам айыкты. 25-августта коронавирус жуктуруп каза болгондор катталган жок. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1057 адамга жеткен. Стационарда 1021, амбулатордо 4563 бейтап дарыланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.