Укук коргоо уюму: бийликтин пандемия учурунда маселени чечүү аракеттери майнапсыз болгон

Окуялар тизмеги 24 Авг 2020 14:17
0 ой-пикир

«Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму 21-23-август күндөрү эксперттер менен пандемия убагында өлкөдөгү адам укуктары кандай сакталганын талкуулады. Уюм талкуунун чечимин 24-августта жарыялады.

Талкууда пандемия маалындагы Кыргызстандагы социалдык-саясий, экономикалык, адам укуктары боюнча маселелер көтөрүлдү. Анда өлкөнүн бийлик бутактары жарандар кабылган кыйынчылыктарды, коркунучтарды колдон келишинче азайтууга эркин көрсөтпөгөнү айтылды. Талкууда айтылгандай, бийликтин маселени чечүү аракеттери майнапсыз болгон.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште Интернетти чектөөчү мыйзам кабыл алынганы, сырттан келген каражаттардын коротулушу, журналисттердин маалымат алышынын чектелиши белгиленди. Эл маселесин өзү чечип, бийлик кризистин алдын алууга аракет кылбаганы тууралуу кеп козголду.

Талкууда сөз болгондой, адам укуктары жаатында айрыкча абак жайларында абал начарлап кеткен. «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму бир нече кайрылуу түшкөнүнө карабай укук коргоочу Азимжан Аскаровдун түрмөдө көз жумганы абак жайларында катаал шарт болгонун көрсөттү деп эсептейт. Ошондой эле маселени ачык айтып чыккан жарандарды, дарыгерлерди, журналисттерди күч түзүмдөрү кысымга алганы белгиленди. Жыйындын катышуучулары байкагандай, үй-бүлөдө аялдарга, балдарга каршы зомбулук күчөп, жергиликтүү бийлик мындай маселени чечүүгө даяр эмес экенин көрсөттү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.