Президент: «Авариялык мектептерди жана ооруканаларды ондоп-түзөө ишине бирдей деңгээлде маани берип жатабыз»

Окуялар тизмеги 23 Авг 2020 10:50
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-августта «Биринчи радиого» маек куруп жатып, жаңы окуу жылына карата жаңы мектептерди куруу иши учурабай турганын айтты:

«Билесиздер, Нарын районунун Кеңеш айылындагы вагон-мектеп бүт республикага таанылган. Ошол мектептин ордуна жаңы мектеп курулуп жатканын көрүп келдим. Ал жердин эли менен жолуктум, сүйлөштүм. Аймактардагы авариялык мектептерди оңдоо жана ооруканаларды ондоп-түзөө ишине бирдей деңгээлде өзгөчө маани берип жатабыз. Бюджеттик тартышсыздык болсо да, жаңы окуу жылына карата жаңы мектептердин жана ооруканалардын курулушу токтобойт. Иш үзгүлтүксүз жүрөт», — деди мамлекет башчы.

Өкмөттүк комиссия былтыр Кыргызстан боюнча 245 мектеп авариялык абалда деп тапкан. Анын 117синин ордуна республикалык бюджеттин, чет элдик фонддордун жана Бишкек, Ош мэрияларынын эсебинен жаңы мектептер курулат.

Интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.