Экс-президент — 70 жашта!

Окуялар тизмеги 23 Авг 2020 12:38
0 ой-пикир

Кыргызстандын экс-президенти, төрт жолку тышкы иштер министри, АКШ менен Канададагы жана Улуу Британиядагы элчиси болгон Роза Отунбаева 70 жашка чыкты.

Отунбаева Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндө алгачкы аял президент катары таанымал.

2010-жылкы ыңкылаптан кийинки оор учурда Убактылуу өкмөттү жетектеген, кыйчалыш кырдаалда мамлекетти башкарууну колуна алып, президент болуп шайланган. Отунбаеванын дипломатиялык бай тажрыйбасы, эл аралык кадыр-баркы Кыргызстанды кыйчалыш маалда туңгуюктан алып чыгууга өбөлгө болгон.

Роза Отунбаева Эгемен Кыргызстандын тарыхында президенттик кызматты мыйзамга ылайык, өз мөөнөтүндө, шайлоодон утуп келген кийинки президентке тынч жол менен өткөрүп берген алгачкы мамлекет башчы.

Роза Отунбаева 1950-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында төрөлгөн. Орто мектепти Ош шаарында алтын медаль менен аяктап, 1972-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. 1975-жылы философия илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.

Роза Отунбаева 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын октябрына чейин Кембриж университетинин Борбор Азия боюнча форумунун жана GCRF-COMPASS программасынын атайын чакырылган илимий кызматкери болуп тандалды.

Кембриж университетинин Борбор Азия боюнча форуму (GCRF) чөлкөмдү жана Евразияны изилдөө борбору болуп саналат. Форумда Кембриж университетинин департаменттеринин окумуштуулары, изилдөөчүлөрү жана студенттери бар.

Кембриж университети — дүйнө жүзүндөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири жана коллегиалдуу мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат.

Франциянын Ардактуу Легионунун Ордени (Франция, 2012-жыл)_____ «демократияны жана адам укуктарын коргоо маселелерине сиңирген зор эмгеги үчүн»

·        Полярдык жылдыз Ордени (Монголия, 2012)

·       Италиянын Минерва сыйлыгы (Италия 2015) — «Кыргызстандагы жогорку институционалдык ролу жана эл аралык планда тынчтыктын жана демократиянын пайдасына туруктуу иши үчүн»

·       Newsweek Daily Beast версиясы боюнча дүйнөнүн 150 таасирдүү айымы (2012)

·       Аялдардын Глобалдык Саммитинин Гранд сыйлыгы (2012)—«лидерлик үчүн (Афины, Греция)»

·       Apolitical версиясы боюнча дүйнөнүн 100 таасирдүү адамы — «Роза Отунбаева британиялык Apolitical изилдөө уюмунун тизмесине ылайык 2018-жылы гендердик саясатты алга илгерилетүү жагынан дүйнөнүн 100 таасирдүү адамынын тобуна кирди»

·       Каармандыгы үчүн эл аралык айымдар сыйлыгы, АКШнын Мамдепартаменти, 2011.

·       “Search for Common Ground 2018” сыйлыгы –  «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» деген тынчтыкты жаратуу боюнча дүйнөдөгү эң ири уюм тарабынан 2018-жылдын 1-ноябряында тапшырылды, Нью Йорк, АКШ»

·       Кувейт сыйлыгы 2019 «жарандык коомдун, мамлекеттик жана жеке секторлордун жашоосун жакшыртууга кошкон салымы үчүн» коомду өнүктүрүүгө салым кошкон жана стратегиялык көз карашы бар, иште инновациялык жана чыгармачыл ыкмаларды колдонгон айымдарга ыйгарылат.

·       Кыргыз Республикасындагы, КЭРдеги жана Казакстан Республикасындагы ондогон университеттердин профессору болуп саналат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.