Жээнбеков: «Бир да партияга кызмат кылбайм»

Окуялар тизмеги 22 Авг 2020 16:33
2 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» курган маегинде алдыдагы парламенттик шайлоого токтолуп, ага катышып жаткан партиялардын бирине да кызмат кылбай турганын айтты:

«Эгемен Кыргызстандын тарыхында мага чейинки президенттер, аларга тирек болот деп партияларды түзүшкөн. Бирок ошол тирек болот деген партиялар эч кимисин сактап калган жок да. Ага тарых күбө. Эл күбө. Буга 1995-жылдан тартып саясатта жүрүп, мен дагы күбөмүн. Мен муну мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм. Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, чогуу иштегенге даярмын. Кандай партия келбесин — элдин тандоосу. Эл тандагандан кийин мен ал партиялар менен иштешим керек».

Мамлекет башчы саясаттан тышкары коронавирус пандемиясынын күзүндө күтүлүп жаткан жаңы толкуну тууралуу да пикири менен бөлүштү.

Сүрөт интернеттен алынды

2 ой-пикир “Жээнбеков: «Бир да партияга кызмат кылбайм»

  1. Гулнара

    Жээнбековдор тегерегине куда соок бир тууган бажа балдыздарын чогултуп алып анан партияга иштебейм дейт ким ишенет

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.